Радио

Казаков: музыкада жаратмандык дух өлүп, аткаруучулар гана калгандай

Кыргыз Республикасынын эл артисти, композитор Түгөлбай Казаков музыка дүйнөсү кризиске кабылды деген пикирин айтты.й
Sputnik
Азыр комузчулардын чеберчилиги жогорку деңгээлде болгон менен жаратмандык дух жок болуп жатат. Бул тууралуу Түгөлбай Казаков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө күү черткендер кооз кыймыл-аракеттерге алаксып, ички мазмунду экинчи планда калтырышууда.
"Эки нерсе бар, бири — сырткы эффект, экинчиси — ички мазмун. Илгеркилер ички мазмунга көңүл бурган. Кыргыздын канында комуздун ички мазмуну жүрөт дайым. Ошон үчүн ал ачылбай калса уккан кишиге мурдагыларга жакындабай жаткандай сезилет. Негизи ички мазмун биринчи орунда турушу керек. Азыркы балдар комузда кол ойноткондо илгеркилер биякта эле калат. Карамолдо, Ыбырай, Мураталы дайым күүнүн ички маңызын элге жеткиргенге аракет кылышкан. Азыр жалпы дүйнөдө жаратмандык кризис болуп жатат, Бетховен, Моцарт, Шопендер чыккан Европада ким бар азыр? Эң акыркы оркестр үчүн мыкты чыгарма жазган Родриго деген испаниялык композитор 90дон ашып өлдү капкачан. Керемет ырларды жараткан элдерде азыр эч ким жок. Акыркысы Тото Кутуньо болду, ал да өлдү. Мына азыр эч ким жок, бул кризис. Ал жак өзүнчө дүңгүрөп, бул жакта "Маш ботой", "Насыйкат", "Ибарат" деген күүлөр жаралып, жалпы адамзатка романтикалык доорду берген экен деп койдум. Ошол доор өтүп кетип, аткаруучулар гана калгандай сезилет. Аспапта ойногондор, аткаруучулар башка жакта деле, бизде деле чыгып жатат, бирок жаратмандык дух өлүп кетти, күү чыгаргандар азайып бара жатат", — деди Казаков.
Ал улам кийинки муун мурункудан алсыз болуп бара жатканын кошумчалады.