БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Мамлекет жаштарды өнүктүрүүгө багытталган программаларды колдойт. Тиешелүү жобо министрлер кабинетинин №595 токтому менен бекитилди.
Жобо жаштарды мекенчилдикке тарбиялап, алардын бардык тармактагы дараметин көтөрүүгө жана интеллектуалдык, чыгармачылык өнүгүүсүнө багытталган мамлекеттик колдоо көрсөтүүгө конкурс өткөрүүнүн тартибин аныктайт. Бул багыттагы демилгелерди мамлекеттик колдоо жылына бир жолу конкурстук негизде жүзөгө ашырылат.
Токтомду ишке ашырууга байланышкан чыгымдар Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жаштар саясатын ишке ашыруу үчүн бөлүнгөн каражаттын эсебинен төлөнөрү кошумчаланган.