Ала-Бука районунун билим берүү бөлүмүндө коррупциялык схема аныкталды

Кызматкерлер мектеп, бала бакча директорлорун коркутуп-үркүтүп акча чогултуп келишкени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Жалал-Абадга караштуу Ала-Бука районунун билим берүү бөлүмүндө коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мекеменин кызматкерлери кол алдындагылардан мыйзамсыз акча чогулткан.
"Жалал-Абад облустук прокуратурасы Ала-Бука районунун билим берүү бөлүмүндө текшерүү жүргүзгөн. Анда мекеменин кызматкерлери Эсеп палатасынын текшерүүсүндө аныкталган мыйзам бузууларды жаап-жашырууга далалат кылганы аныкталган. Өздөрүнүн ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланып, мектеп жана бала бакчалардын жетекчилеринен коркутуп-үркүтүү жолу менен мыйзамсыз акча чогултуу системасын уюштурушкан", — деп айтылат маалыматта.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен кылмыш иши козголуп, иш тергөө жүргүзүү үчүн УКМКга өткөрүп берилген.
"Тазалык" ишканасында 7,1 миллион сом коромжу болуп, иш козголду