Ош: Ноокаттагы каргашадан кийин облустагы диний окуу жайларга камера коюу тапшырылды

Маморгандарга диний окуу жайларда мыйзамдын сакталышын жана студенттердин коопсуздугун камсыздоо боюнча бир катар тапшырмалар берилди.
Sputnik
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Ноокаттагы медреседеги каргашалуу окуядан кийин маморгандар диний окуу жайлардын (ДОЖ) мүдүрлөрүнө чукул жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ага УКМК, ИИМдин облустук башкармалыктарынан жана казыяттан өкүлдөр катышкан. Жыйында мыйзамдарды сактоо, коопсуздук боюнча тиешелүү чараларды көрүү боюнча бир канча тапшырмалар берилгени айтылды.
Алсак:
КМДБ тарабынан берилген бирдиктүү тайпалык журналдардын колдонулушун көзөмөлдөө;
мыйзамдын жана КМДБнын уставдарына ылайык иш-аракеттерди жүргүзүү;
ДОЖдордун ички-сырткы тазалыгын камсыз кылуу;
ДОЖдорго видеобайкоочу камераларды орнотуу;
окуу сапатын арттыруу;
диний окуу жайларда ички тартипти жөнгө салуу үчүн нөөмөтчү мугалимдерди дайындоо.
Ошондой эле берилген тапшырмалардын аткарылышы боюнча облус аймагындагы жалпы диний окуу жайлар үчүн атайын мониторинг жүргүзүлөрү кошумчаланды.
Эске салсак, 6-октябрда Ноокаттагы медреседе өспүрүмдөр чатакташып, 16 жаштагысы 14 жаштагы баланы учтуу нерсе менен сайып жибергени кабарланган.
Муфтият: медреседе каза болгон өспүрүм дем салдырууга келген