Депутат таксисттерге оң рулдуу автоунаалардан тезирээк кутулууну сунуштады

Таксилерди лицензиялоо боюнча мыйзам кабыл алынса оң рулдуу автоунаалар менен такси кызматын көрсөтүүгө тыюу салынат.
Sputnik
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев такси кызматына колдонулган оң рулдуу унааларды жарым жылдын ичинде сатып жиберүү туура чечим болорун айткан.
Кечээ парламенттин комитети таксилерге лицензия берүү мыйзамын биринчи окууда жактырды. Ал кабыл алынса оң рулдуу автоунаалар менен такси кызматын көрсөтүүгө тыюу салынат.
"Менимче, бул жолу такси ишмердүүлүгүн лицензиялоо мыйзамы өтөт. ЖКККББнын демилгесин үчүнчү ирет карап жатабыз. Мында ал өтүшү керек, анткени депутаттарды экономикага караганда коопсуздук маанилүү экенине ынандырышты. Сол рулдуу автолорго өтүү зарыл", — деди эл өкүлү.
Кыргызстандагы таксопарктардын 50-60 пайызын оң рулдуу машиналар түзөт.
Бишкек мэриясы накталай төлөмдөр үчүн жол кирени көтөрүүнү пландап жатат