"Тазалык" ишканасында 7,1 миллион сом коромжу болуп, иш козголду

Ишканада 134,2 тонна күйүүчү-майлоочу май мыйзамсыз берилгени аныкталган.
Sputnik
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Бишкек шаарынын "Тазалык" ишканасынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ишканада 134,2 тонна күйүүчү-майлоочу май мыйзамсыз берилгени аныкталган. Келтирилген чыгым 7 миллион 179 миң сомду түздү.
"Ишкананын жооптуу кызмат адамдары 2022-2024-жылдарда мыйзамсыз буйруктарды чыгарып, ишкананын айрым кызматкерлери менен формалдуу келишимдерди түзүп, күйүүчү-майлоочу майды өздөрүнүн жана башка адамдардын жеке кызыкчылыгы үчүн колдонуп келишкен", — деп айтылат маалыматта.
"Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу" боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.
"Кыргызстан улуттук электр тармагынын" жетекчисинин орун басары кармалды