Ири чыгымга учураткан. Аскат Абылаевдин эмнеге кармалганы белгилүү болду

Sputnik
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. "Кыргызстан улуттук электр тармагынын" жетекчисинин орун басары Аскат Абылаевдин кылмыш иши боюнча чыгымдын суммасы 25 миллион 128 миң 900 сомду түздү. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалым болгондой, тергөөчүлөр компаниянын жетекчилиги электр энергиясын керектөө системаларынын тетиктерин мамлекеттик сатып алууда анык бир тараптын кызыкчылыгын көздөгөнү аныкталган.
"Факт боюнча "Коммерциялык же башка уюмдардын кызматкерлери тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен кылмыш иши козголуп, "Кыргызстан улуттук электр тармагынын" жетекчисинин орун басары Аскат Абылаев кармалды. Учурда тергөө жүрүп жатат", — деп айтылат маалыматта.
"Кыргызстан улуттук электр тармагынын" жетекчисинин орун басары Аскат Абылаевдин кармалганы 7-октябрда белгилүү болду. Соттун чечими менен ал 2-декабрга чейин убактылуу кармоочу жайда камакта болот.
"Тазалык" ишканасында 7,1 миллион сом коромжу болуп, иш козголду