Куба Россиядан БРИКСке мүчө болууну расмий өтүндү

Россиянын БРИКСке төрагалыгы адилеттүү глобалдык өнүгүү жана коопсуздук үчүн көп тараптуулукту бекемдөө урааны алдында өтүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Гавана Россия тарапка БРИКС блогуна өнөктөш мамлекет макамында кошулуу боюнча расмий өтүнүч менен кайрылды. Маалыматты Россиянын Кубадагы элчилиги Telegram каналына жарыялады.
Катта "Гавана уюмда өнөктөш мамлекет макамында иштөөгө кызыкдар экени, быйыл БРИКСке төрагалык кылган Россия тарапка расмий билдирме жөнөтүлгөнү" айтылат.
"Республика президенти Мигель Диас-Канель кезектеги саммитке "түшүндүрүү иштери/"БРИКС+" форматында катышууга чакырылды. Сиздерди Казанда 22-24-октябрь күндөрү күтөбүз", — деп жазылган катта.
БРИКС — 2006-жылы түзүлгөн мамлекеттер аралык бирикме. Россия 2024-жылдын 1-январынан тарта уюмга төрагалык кылууда. Жыл бирикмеге жаңы мүчөлөрдүн кошулушу менен башталды, эми уюмда Россия, Бразилия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка Республикасынан тышкары Египет, Эфиопия, Иран, БАЭ жана Сауд Арабиясы бар.
БРИКС саммити 2024-жылдын 22-24-октябрында Казань шаарында болот.
Сирия БРИКСке кошулуу ниетин билдирди