Радио

Кыргызстандын аймактарында көмүр канчадан сатылууда

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жөнгө салынуучу чөйрөлөр башкармалыгынын башчысы Сыргак Оморов быйыл көмүрдүн баасы орто эсеп менен 300 сомго жогорулаганын айтты.
Sputnik
Өлкөдө 15-сентябрдан тартып көмүрдүн баасына 90 күнгө убактылуу мамлекеттик көзөмөл киргизилди. Бул тууралуу Сыргак Оморов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өкмөттүн токтомунун аткарылышын Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы көзөмөлдөйт.
"Быйыл Бишкекте көмүрдүн тоннасы 5 500 сомдон, Ош шаарында 7 600 сомдон сатылууда. Баткенде болсо кара алтындын баасы кымбат болуп жатат. Себеби ал жакта көмүр жердин алдынан казып алынып, чыгымы көп. Ал эми Сүлүктүнүн көмүрү кээ бир райондордо 10 миңге чейин жетсе, импорттолгон көмүрдүн баасы 6 300 сомду түзүүдө. Быйыл жалпы көмүрдүн баасына 300 сом кошулду. Бүгүнкү күндө бааны жөнгө салыш үчүн ар бир аймакта штаб түзүлүп, кызматкерлер иш алып барууда. Күн сайын жергиликтүү органдар, милиция менен биргеликте мониторинг жүргүзүлүп жатат. Учурда өлкөдө көмүрдүн баасы туруктуу. Мындан тышкары, мониторингдин жүрүшүндө сатуучуларга мыйзамдардагы талаптардын сакталышы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Быйыл бул иш-чаралар эрте башталды", — деди Оморов.
Ал ошондой эле көмүрдү мамлекет койгон баадан ашырып саткан юридикалык жактарга 13 000 сом, жеке жактарга 3 000 сом айып пул салынарын кошумчалады.