Садыр Жапаров КМШ саммитинин тар чөйрөсүндө сүйлөдү. Урунттуу учурлар

Жыйында өлкө башчылар шериктештиктин алкагында кызматташууну тереңдетүү маселелерин, регионалдык жана эл аралык күн тартибинин актуалдуу аспектилерин талкуулашты.
Sputnik
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Москвада өтүп жаткан КМШга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынынын тар форматында сүйлөдү.
Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, жыйында өлкө башчылар шериктештиктин алкагында кызматташууну тереңдетүү маселелерин, регионалдык жана эл аралык күн тартибинин актуалдуу аспектилерин талкуулашты.
Өлкө башчы токтолгон маселелер:
кыргыз тарап Улуу Жеңиш боюнча КМШ алкагында өтө турган бардык иш-чараларга активдүү катышат;
Кыргызстандын КМШнын алкагында көп пландуу кызматташтыкты арттыруу максаты бар. Анын ичинде сооданы көбөйтүүгө, транспорттук-логистикалык каттамдарды өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө, өнөр жай кооперациясында, айыл чарбасында, инфраструктурада жана башка тармактарда биргелешкен долбоорлорду түзүүгө кызыкдар;
өлкө азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу, ошондой эле жаңы, алдыңкы технологияларга жана инновацияларга жетүү үчүн биргелешкен иштерди жүргүзүүгө кызыкдар;
эмгек мигранттарынын кирүүсүнө чектөөлөрдүн күчөтүлүшүнө тынчсызданып, КМШнын алкагында алардын эркин жүрүүсүн камсыз кылууга багытталган чечимдерди издөө боюнча ишти улантуу керектигин белгиледи;
Кыргызстан КМШ алкагында кызматташууну жана өлкөлөр ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүүнү мындан ары да колдойт.
Путин: КМШ өлкөлөрү Улуу Жеңиштин 80 жылдыгын бирге белгилейт