Путин: КМШ өлкөлөрү – биздин эң жакын коңшуларыбыз жана досторубуз. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Шериктештик өлкөлөрү эң жакын коңшуларыбыз, досторубуз, стратегиялык өнөктөштөрүбүз болуп саналат. Биз өз ара кызматташууну ар тараптан чыңдоого умтула беребиз. Бул тууралуу Владимир Путин Москвадагы КМШ саммитин ачып жатып билдирди.
Президент КМШ алкагындагы кызматташуу Россиянын тышкы саясатынын негизги артыкчылыктарынын бири экенин белгиледи.
"Бизде өнөр жай, айыл чарба, финансы, инфраструктура тармактарында жаңы, чоң, эки тарапка тең пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга толук мүмкүнчүлүк бар деп ишенем. Биз ошондой эле жалпы коопсуздукту камсыздоодон баштап, маданият жана гуманитардык тармактардагы кызматташууга чейин пикир алмашабыз", — деди Путин.
Эске салсак, бүгүн, 8-октябрда, Москвада Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин өлкө башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны башталды. Учурда тараптар тар чөйрөдө жолугушуусун өткөрүп жатат.
Москвада КМШ мамлекет башчыларынын жыйыны өтүүдө. Видео