Бишкек мэриясы накталай төлөмдөр үчүн жол кирени көтөрүүнү пландап жатат

Sputnik
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Бишкек шаардык мэриясы коомдук транспортто накталай төлөнгөн жол кирени көтөрүүнү сунуштоодо.
Муниципалитет автобустар менен троллейбустарда жол кире акысы накталай эмес түрдө 17 сом, накталай 20 сом экенин эске салды. Ортодогу айырма болгону үч сомду түзөт.
Калкты электрондук жол кире төлөм системасын колдонууга кызыктыруу максатында накталай жол кире акысын көбөйтүү сунушталууда. Бирок канчага жогорулатуу керектиги көрсөтүлгөн эмес.
Мэриянын маалыматы боюнча, бул муниципалдык автотранспорт ишканаларынын экономикалык абалын жакшыртып, түшкөн каражаттын ачыктыгын камсыз кылат.
Мындан тышкары, бир жолу төлөп, белгилүү мөөнөткө чейин коомдук транспортто жүрүүгө уруксат берген тарифти киргизүү каралууда.
Вице-мэр: коомдук транспортто жол кире көтөрүлбөсө автобустар өзүн-өзү актабайт