БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Бишкекте түрк тилдүү мамлекеттердин катышуусунда жасалма интеллект боюнча форум өтөт. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара 9-10-октябрда болот. Ага Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркия, Венгрия өлкөлөрүнөн өкүлдөр катышат.
"Бул жасалма интеллектини өнүктүрүүдөгү маанилүү маселелерди талкуулоо үчүн мамлекеттик органдардын алдыңкы адистерин, серепчилерин, бизнес жана IT коомчулугунун өкүлдөрүн чогулта турган маанилүү жолугушуу. Анда инновациялар жана технологиялар, жасалма интеллектинин жардамы менен түрк тилдерин сактоо, стартаптарга инвестиция жана колдоо көрсөтүү темалары каралат", — дешти министрликтен.
Форумдун программасы жана ага байланыштуу кошумча маалыматтарды ai-summit2024.digital.gov.kg шилтемесине кирип, алууга болот.