Астанада россиялык жана советтик окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү чогулат

Иш-чарага билим берүү жана медициналык уюмдардын жетекчилери жана кызматкерлери катышат.
Sputnik
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Астанада советтик жана россиялык жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнүн – КМШ өлкөлөрүнүн билим берүү жана саламаттыкты сактоо системасынын өкүлдөрүнүн форуму өтө турганын Россотрудничество билдирди.
Иш-чара 9-10-октябрда болот. Ага Кыргызстандын өкүлдөрү да катышат. Форумду Россотрудничество Түндүк Кавказ федералдык университети менен биргеликте уюштурууда.
"Форумга билим берүү жана саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилери жана кызматкерлери, мамлекеттик органдардын жана мамлекеттик корпорациялардын өкүлдөрү, Россиянын ЖОЖдорунун бүтүрүүчүлөрүнүн ичинен активисттер, ошондой эле КМШ өлкөлөрүнүн бүтүрүүчүлөр ассоциацияларынын жетекчилери жана мүчөлөрү катышат", — деди уюмдан.
Кыргызстандын россиялык (советтик) ЖОЖдорунун бүтүрүүчүлөрүнүн Ассоциациясынын аткаруучу директору Эсен Салиев мындай форумдарда улуу муундун өкүлдөрү да, жаштар да жолугушарын белгиледи.
"Бүтүрүүчүлөр ишкердик байланышты чыңдап, муундар арасында жаңы байланыш түзүлүп, мындан аркы кызматташуунун жолдору ачылууда. Россияда алган билими көптөр үчүн ийгиликтүү карьера куруудагы биринчи кадам болуп калды. Көптөгөн көрүнүктүү ишкерлер, банк секторунун лидерлери жана саясатчылар советтик же россиялык билим алышкан", — деди Салиев.
Кыргызстандан барган форумдун катышуучуларынын арасында Россия жана советтик ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүнүн улуттук ассоциациясынын, Урал жана Сибирь федералдык университеттеринин бүтүрүүчүлөрүнүн ассоциацияларынын жетекчилери, Кыргызстандын алдыңкы улуттук университеттеринин жана медициналык борборлорунун жетекчилери бар.
Кыргызстандагы мектептер дагы эле агайларга муктаж. Мугалимдер тууралуу