Армения КМШ ТИМ башчыларынын эки билдирүүсүнө кошулган жок

Sputnik
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Армения КМШ тышкы иштер министрлеринин Москвада өткөн жыйынынын жыйынтыгы менен кабыл алынган билдирүүлөрдүн экөөнө кошулган жок. Бул тууралуу өлкө ТИМинин маалымат катчысы Ани Бадалян билдиргенин РИА Новости жазды.
"Армения "Евразиялык коопсуздукту камсыздоо принциптери тууралуу" жана "Эл аралык мамиледе бир тараптуу чектөөчү чараларды колдонууга жол берилбестиги тууралуу" билдирүүлөргө кошулган жок", — деген Бадалян.
КМШ мамлекеттеринин тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйыны Москвада дүйшөмбү күнү өттү. Ага утурлай бүгүн КМШ мамлекет башчылар кеңешинин жыйыны болот.
Пашинян Еревандын ЖККУ менен алакасын токтото туруусу боюнча айтты