Ак үй шайлоодон улам башаламандык болот деп кооптонуп жатат

Президенттик шайлоо АКШда ушул жылдын 5-ноябрына белгиленген.
Sputnik
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. АКШ президенти Жо Байдендин администрациясы алдыда боло турган президенттик шайлоо тынч өтөрүнөн күмөн санап, башаламандык болот деп кооптонууда. Бул тууралуу Ак үйдүн маалымат катчысы Карин Жан-Пьер билдиргенин РИА Новости жазды.
"Президент да, мен да, башка көпчүлүк да 2021-жылдын январында болгон окуяны (Капитолийди басып алуу аракети — ред.) талкуулап келебиз. Албетте, тынчыбыз кетип жатат", — деген ал журналисттердин шайлоого байланыштуу тынчсыздануу тууралуу суроосуна жооп берип жатып.
Жан-Пьер Байден мөөнөтүнүн акыркы күндөрүндө "демократияны коргоо жана сактоо" менен алек болорун кошумчалады.
Эскерте кетсек, 2021-жылдын 6-январында Дональд Трамптын тарапташтары 2020-жылдагы шайлоонун жыйынтыгын беките турган Конгресстин жыйыны өтүп жаткан Капитолийге кирип келген. Ошол күнү жана андан кийин беш киши каза таап, 140 полиция кызматкери жабыркаган. Камалоого Трамптын шайлоо жыйынтыгын тааныбай турганын жар салып, сот аркылуу жокко чыгарууга жасаган аракети себеп болгон. Саясатчы шайлоо учурунда эсепсиз эреже бузулганын айтып, жыйынтыкты кайра карап чыгууну талап кылган эле. Анткен менен кийинчерээк Трамп Капитолийге болгон чабуулду сындап чыккан.
Ал эми кезектеги президенттик шайлоо АКШда ушул жылдын 5-ноябрына белгиленди. Анда демократтардан азыркы вице-президенти Камала Харрис менен республикачы экс-президент Дональд Трамп ат салышмакчы. Талапкерлер ушу тапта эл менен жолугуп жатышат.
Киев, Путин, кол салуу. Трамп менен Харристин дебатынын урунттуу учурлары