Бөйрөк жылуулукту сүйөт. Оору чынында жашарабы?

Sputnik
Кыргызстанда көбөйгөн оорулардын катарында бөйрөк оорулары да бар. Гуласыл Сутуеванын айтымында оору билинбей жүрө берип өчүшүп кетиши мүмкүн. Ошондуктан алдын ала дарыгерге көрүнүп, ден соолукка кам көргөн туура. Бөйрөк ооруганда адамдын бети же буту шишип калат. Муну менен катар бутту жылуу кармап, жылуу жүрүүгө аракет кылуу зарыл. Өзгөчө төрөттөн кийин аялдар абдан сак болушу шарт. Ал эми ооруп калгандан кийин дарыгердин айтканын туура аткарып,туура тамактанып, дарыларды убагында ичсе бул оорудан арылууга же өмүрүнүн узарышына себепчи болорун дарыгер эскертет. Ал эми кайдыгер адамдарда оору бат өөрчүп кетет.