Эми 5 жылдык стаж пенсиянын базалык бөлүгүнө жетиштүүбү? Соцфонд жасап жаткан реформалар

Sputnik
Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев, быйыл пенсия эки этап менен, тагыраагы, 1-июлдан тарта базалык бөлүгү жана 1-октябрдан тарта камсыздандыруу бөлүгү көбөйтүлгөнүйн айтты. Ал белгилегендей, пенсиянын базалык бөлүгүн толук алуу үчүн буга чейин эркектерге 25, аялдарга 20 жылдык эмгек стажы талап кылынчу. 1-июлдан тарта ал норма алынып, 5 жыл иштегендерге базалык бөлүгү толук төлөнө баштады. 2020-жылы пенсиянын орточо өлчөмү 5 миң 400 сом болсо, 1-октябрдан тарта бул сумма 10 миң 500 сомго чейин көтөрүлөт. Мурда эң аз пенсия миң сом болсо, азыр 6 миң 900 сомду түзөт. Беш жылдык иш тажрыйбага университетте окуган 5 жыл, армияда кызмат өтөгөн жылдар да кошулат.