Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Sputnik
Мамлекет жаштарды өнүктүрүүгө багытталган программаларды колдойт. Тиешелүү жобо министрлер кабинетинин №595 токтому менен бекитилди. Жобо жаштарды мекенчилдикке тарбиялап, алардын бардык тармактагы дараметин көтөрүүгө жана интеллектуалдык, чыгармачылык өнүгүүсүнө багытталган мамлекеттик колдоо көрсөтүүгө конкурс өткөрүүнүн тартибин аныктайт. Бул багыттагы демилгелерди мамлекеттик колдоо жылына бир жолу конкурстук негизде жүзөгө ашырылат. Токтомду ишке ашырууга байланышкан чыгымдар Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жаштар саясатын ишке ашыруу үчүн бөлүнгөн каражаттын эсебинен төлөнөрү кошумчаланган.
Токтогулда суу сактагычтын үстүнө күн нурунан электр энергиясын алуу станциясын куруу пландалууда. Бул тууралуу аталган райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, күн мурун Токтогул районунун акими Акылбек Тюкебаев Чехиядан келген инвесторлор менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Токтогул суу сактагычынын суу үстүнө кубаттуулугу 1200 МВат болгон электр станциясын куруу боюнча инвесторлор менен жеринде сүйлөшүүлөр болуп, макулдашуу аракеттери жүрүүдө.
Бишкек шаарынын "Тазалык" ишканасынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, ишканада 134,2 тонна күйүүчү-майлоочу май мыйзамсыз берилгени аныкталган. Келтирилген чыгым 7 миллион 179 миң сомду түздү. "Ишкананын жооптуу кызмат адамдары 2022-2024-жылдарда мыйзамсыз буйруктарды чыгарып, ишкананын айрым кызматкерлери менен формалдуу келишимдерди түзүп, күйүүчү-майлоочу майды өздөрүнүн жана башка адамдардын жеке кызыкчылыгы үчүн колдонуп келишкен", — деп айтылат маалыматта. "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу" боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.
Сербиянын Белград шаарында өткөн эстетикалык топтук гимнастика боюнча жогорку категориядагы турнирде Кыргызстандын гимнасттары байгелүү орундарга ээ болушту. Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, турнирге 16 өлкөдөн келген 600 гимнаст катышкан. Гимнасттар Академия Гимнастика жана "Ынтымак" спорт мектебинин жана клубдарынын атынан чыгып, Кыргызстандын желегин желбиретишти.
АКШ президенти Жо Байдендин администрациясы алдыда боло турган президенттик шайлоо тынч өтөрүнөн күмөн санап, башаламандык болот деп кооптонууда. Бул тууралуу Ак үйдүн маалымат катчысы Карин Жан-Пьер билдиргенин РИА Новости жазды. "Президент да, мен да, башка көпчүлүк да 2021-жылдын январында болгон окуяны талкуулап келебиз. Албетте, тынчыбыз кетип жатат", — деген ал журналисттердин шайлоого байланыштуу тынчсыздануу тууралуу суроосуна жооп берип жатып. Жан-Пьер Байден мөөнөтүнүн акыркы күндөрүндө "демократияны коргоо жана сактоо" менен алек болорун кошумчалады.Ал эми кезектеги президенттик шайлоо АКШда ушул жылдын 5-ноябрына белгиленди.