Илимдеги жаштардын орду – улан-кыздарды илимге кызыктыруу үчүн эмне кылуу керек?

Sputnik
Адамзаттын өнүгүүсүнүн өзөгүн илим түзөт. Өткөнүбүз, азыркыбыз да илимге терең чырмалышкан, ошондой эле келечегибизди дагы илимсиз элестетүү мүмкүн эмес. Ал эми келечек баарыбызга белгилүү болгондой жаштардын колунда. Учурдагы, келечектеги дүйнөнү өзгөртө турган жаңы технологиялар жана ачылыштарда жаш окумуштуулардын орду өзгөчө. Бул берүүдө дал ушул илим жана жаштар тууралуу, тактап айтканда илимдеги жаштардын орду тууралуу маектештик. Студиябызда Билим берүү жана илим министрлигинин Илим жана инновациялар башкармалыгынын жетектөөчү адиси Айжан Карыбекова жана Улуттук илимдер академиясынын биотехнология институтунун кенже илимий кызматкери Самат Карыбек уулу конок болду.