Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
Күйүүчү май кымбаттап, бизнес жана экономика үчүн тобокелдиктер болот. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын күйүүчү майды маркалоону киргизүүгө тынчсызданган кайрылуусунда айтылган.Нефтетрейдерлер майдын кымбатташына алып келүүчү себептерди тизмектеди: азырынча маркалоонун баасы анык боло элек. Божомолдор боюнча, бир литр 40-50 тыйын болот; бул тармактагы бизнес ансыз да башка төлөмдөргө жык толгон. Маселен, импортко кошумча нарк салыгы, акциз салыгы, сатуудан алынуучу салык, бажы алымдары, экологиялык төлөмдөр, "Кыргыз темир жолунун" кызматтары үчүн, киреше салыгы, социалдык жана башка төлөмдөр. Алар литрине 18 сомдон башталат; маркалоо кызматтары процедура жана акциз үчүн алдын ала төлөмдөрдү талап кылат. Мунай компаниялары бир нече миллион сомду тоңдурууга аргасыз болушат. Алар ансыз деле мунай затына алдын ала төлөшү керек; каржы жаатында кыйналып орто, кичи ишканалар жабылышы ыктымал; кошумча чыгымдан күйүүчү май кымбатташы мүмкүн;Эске салсак, өлкөдө күйүүчү майды маркалоо системасы расмий ишке киргизилген. Жаңы жылдан тарта маркасы жок бензинди жана дизель майын сатууга тыюу салынат.
Салык жашыргандарга баканооздук кылгандарды сыйлоо сунушталды. Бул тууралуу Жогорку Кеңешке келип түшкөн Салык кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорунда айтылган. Экономика жана коммерция министрлиги былтыр жарандардын арызы боюнча 52 миң 674 салык төлөөчүгө, негизинен ККМ колдонбогондорго айып салынганын билдирген. Ошол эле учурда көпчүлүк салык мыйзамдарынын бузулушуна кайдыгер экени айтылган. Мындан улам демилгечилер салыктан качып жашыргандар тууралуу маалымат бергендерге салынган айыптын эсебинен сыйлоону сунуштоодо. Жобонун тартиби, негиздери, өлчөмү жана кайтаруу мөөнөтү министрлер кабинети тарабынан аныкталары кошумчаланган.
Ири инфраструктуралык долбоорлорго курулуш материалдарын казып алуу үчүн сугат жерлерди трансформациялоого уруксат берүү сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Транспорт жана жол министрлиги Ысык-Көл облусундагы айланма жолду курууга керектүү материалдарды казып алууга мораторий тоскоол болуп жатканын жүйө келтирген. "Жол реконструкциялоо үчүн ири көлөмдөгү кум-шагыл керектелет. Аларды сугат жерлерден казып алууга мыйзам тыюу салат. Сунушта казылган жерлерди кайра калыбына келтирүү боюнча долбоор болгондо гана материалдарды казып алууга мүмкүндүк берилери каралган", — деп айтылат документте.
РФ ТИМ башчысы Сергей Лавров Украинанын Россиянын түпкүрүнө жасайт деген чабуулдары боюнча Батыш өлкөлөрүнүн кеп-сөзүн от менен ойноп жаткандык деп атады. Бул туурасында дипломат Newsweek алган интервьюда айтканын РИА Новости жазды. "Украина армиясына Батыштын алыска атылуучу ракеталарын Россиянын ичин көздөй колдонууга уруксат берүү мүмкүнчүлүгү талкууланып жатат. Мындай "от менен ойногондуктун" коркунучтуу кесепеттери болушу мүмкүн", — деди ал. Лавров президент Владимир Путиндин сөздөрүн эске салып, Москва Батыштын түзүп жаткан кооптуулуктар