Свердлов облусунда этномаданий боз үйлөр шаарчасы ачылды. Сүрөт

Коноктор улуттук тамак-аштан даам татып, кыргыз жана орус чыгармачыл топторунун аткаруусунда элдик ырларды угушту.
Sputnik
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Россиянын Свердлов облусунун Сысерт шаарында этномаданий боз үйлөр шаарчасы ачылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
1 / 2

Россиянын Свердлов облусунун Сысерт шаарында этномаданий боз үйлөр шаарчасы ачылды

2 / 2

Ачылыш салтанатына Свердлов облусунун мамлекеттик органдарынын жана ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрү, Уралдагы дипломатиялык корпус, ошондой эле кыргыз диаспора уюмдарынын лидерлери катышты

Ачылыш салтанатына Свердлов облусунун мамлекеттик органдарынын жана ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрү, Уралдагы дипломатиялык корпус, ошондой эле кыргыз диаспора уюмдарынын лидерлери катышты.
Башкы консул Максат Тентимишов салтанатта сүйлөп, боз үйлөр шаарчасынын уникалдуулугун белгиледи.
"Россияда боз үйлөр шаарчасынын аналогу жок. Бул долбоор Урал федералдык округунда гана эмес, бүтүндөй Россияда биринчи жолу ишке ашырылууда", — деди ал.
Ачылыштан кийин коноктор боз үйлөр шаарчасына экскурсияга жана фотокөргөзмөгө чакырылып, улуттук тамак-аштан даам татып, кыргыз жана орус чыгармачыл топторунун аткаруусунда элдик ырларды угушту.
Боз үйлөр шаарчасында туристтер үчүн 10 боз үй тигилген, анын ичинде уктоочу жай, жуунуучу бөлмө, телевизор, жылыткыч жана кондиционер бар. Долбоор кыргыз-орус маданий байланыштарын бекемдейт жана туризмди өнүктүрүүгө салым кошот.
Ысык-Көл облусу Томск аймагы менен боордош болду