Садыр Жапаров иш сапары менен Россияга кетти. Делегация курамы

Sputnik
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Садыр Жапаров бүгүн, 7-октябрда, иш сапары менен Россияга КМШ өлкө башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Расмий делегациянын курамындагылар:
министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары, Кыргызстандын КМШ иштери боюнча улуттук координатору Адылбек Касымалиев;
тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
Кыргызстандын Россиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев;
президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов;
КМШнын Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссиясындагы Кыргызстандын ыйгарым укуктуу өкүлү Улукбек Кармышаков.
Эскерте кетсек, КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынынын жүрүшүндө шериктештикке мүчө мамлекеттердин соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташтыгын кеңейтүүгө жана бекемдөөгө багытталган маанилүү чечимдер кабыл алынат.
Президент Садыр Жапаров Рим папасы менен жолукту