БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Россиянын НАТОнун акыркы кадамдары боюнча эскертүүлөрү Батышка оңой менен жетпей жатат. Бул туурасында Венадагы Куралданууну ооздуктоо жана аскердик кооптуулук маселелери жаатында сүйлөшүүлөр боюнча РФ делегациянын жетекчисинин милдетин аткарып жаткан Юлия Жданова билдиргенин РИА Новости жазды.
Дипломаттын айтымында, НАТО Россия менен куралдуу кагылышка даярдыгын мурдатан эле көрүп келет, бул "оюн" көзөмөлдөн чыгып кетип, апааттуу кесепетке алып келиши мүмкүн. Муну россиялык делегация эл аралык дипломатиялык аянтчаларда дайыма эскертип келет.
"Эскертүү оппоненттерге кыйынчылык менен жетип жаткандай элес калтырат. Өзөктүк куралдарды колдонууну токтотуу жаатында мамлекеттик саясаттын негиздерине түзөтүүлөр кирген шарттан алып караганда, бул касташкан өлкөлөргө жасалган кайсы бир эскертүү катары каралышы керек", — деп белгилеген Жданова.
Владимир Путин 2024-жылдын 25-сентябрындагы Коопсуздук кеңештин жыйынында өзөктүк кол салуу жаатында мамлекеттик саясаттын негизи жаңыланганын билдирген. Президент ошондой эле Россия өзөктүк куралды чабуул коюлганда, каршы тарап кадимки курал колдонуу менен да өлкө коопсуздугуна коркунуч жараткан учурда пайдаланууга укуктуу болорун белгилеген.
Ал кошумчалагандай, өзөктүк куралы жок мамлекетке мындай куралы бар өлкө катышып жасаган агрессиясын алардын Россияга биргелешкен чабуулу катары кароо сунушталып жатат.
Кийинчерээк Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков Батыштын Украинадагы жаңжалга кийлигишүүсүнүн күчөшүнөн жана Киевдин Россияга "тынчтык орнотуу" жөнүндөгү "утопиялык" ойлорунан улам РФ мындай чечимдерди кабыл алууга аргасыз экенин белгиледи.