"Кыргызстан улуттук электр тармагынын" жетекчисинин орун басары кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Милиция "Кыргызстан улуттук электр тармагынын" жетекчисинин орун басары Аскат Абылаевди кармады. Бул тууралуу Sputnik агенттигине ишенимдүү маалымат булак билдирди.
Аткаминерге Кылмыш-жаза кодексинин "Коммерциялык же башка уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Биринчи май райондук соту Абылаев Бишкектеги №1 тергөө абагына киргизилгенин билдирди. Ал 2-декабрга чейин камакта болот.
Улуттук госпиталдын бөлүм башчысы менен дарыгери кармалды. Видео