Гонконгдо Кыргызстандан барган жүктөн 11,3 млн. сомдук баңгизат табылды

Гонконг полициясы адатта Кыргызстандан керамика буюмдары экспорттолбогондуктан жүк шек жаратканын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Гонконгдун аэропортунда Кыргызстандан барган жүктөн 11,3 миллион долларлык баңгизат табылды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлады.
Маалыматка ылайык, баңгизат керамика буюмдары жүктөлгөн поддондун (жыгач такталар) арасынан табылган.
Гонконг полициясы Кыргызстандан керамика буюмдары экспорттолбогондуктан жүк шек жаратканын айтып, текшерүүдөн кийин 88 килограмм метамфетамин чыкканын белгилеген.
Жүктү алып кетүүгө келген 54 жаштагы адам кармалганы кошумчаланды.
Баңгизатка байланышкан кылмышка жеңилдик колдонулбайт. Мыйзам долбоору