БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. "Манас" аэропортунун кирешеси 2 миллиард сомдон төрт жылда 6 миллиардга өстү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Жарандык авиация күнүнө карата куттуктоосунда айтылат.
Анда быйыл Жарандык авиация агенттиги тиешелүү аудиттен ийгиликтүү өткөндүгүн, бул Кыргызстандын авиациясы бардык эл аралык стандарттар менен талаптарга жооп берет дегенди билдирерин белгилеген.
"Бүгүнкү күндө "Манас" эл аралык аэропортунун жеке каражатынын эсебинен "Кербен", "Каракол", "Талас", "Нарын" жана "Казарман" аймактык аэропорттору толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, четинен колдонууга бериле баштады. Ал эми аба кемелери паркыбыз жаңы учактар менен толукталып, жаңыртылууда. Мындан тышкары, жаңы эл аралык "Жалал-Абад" аэропортун куруу маселеси иштелип жатат", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле өлкө башчы эл аралык каттамдар көбөйүп, жаңы багыттар ачылып жатканын белгилеген.
"Ушу тапта "Манас" эл аралык аэропорту болуп көрбөгөндөй ийгиликке жетишкендигин сыймыктануу менен белгилейм. Эгер 2019-жылы "Манас" эл аралык аэропортунун таза кирешеси 2 миллиард 108 миллион сомду түзсө, 2023-жылы таза кирешеси 6 миллиард сомго жетип, өсүү темпи 52 пайызды түздү", — деп жазылган куттуктоодо.
Мамлекет башчы аталган тармактын кызматкерлерин кесиптик күнү менен куттуктап, иштерине ийгилик каалаган.