Ноокатта өспүрүмдөр чатакташып, 14 жаштагы бала каза болду

Sputnik
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Ноокаттагы медреседе өспүрүмдөр чатакташып, 14 жаштагы бала каза болду. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 6-октябрда Мирмахмудов айыл аймагындагы диний окуу жайда болгон.
"Ноокаттын Гулистан айылынын 16 жаштагы М.М. аттуу тургуну өз ара пикир келишпестиктен улам Өзгөндүн Куршаб айылынын 14 жаштагы Ш.Ф. аттуу тургунун учтуу нерсе менен сайып жиберген. Натыйжада жабырлануучу алган жараатынан улам ооруканага жетпей каза болгон", — деп айтылат маалыматта.
Факт боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалганы кошумчаланды.
Бишкекте жаш кызды автобус сүзүп, ал ооруканада каза болду. Видео