Муфтият: медреседе каза болгон өспүрүм дем салдырууга келген

Sputnik
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Ноокаттагы медреседе каза болгон өспүрүм дем салдырууга келген. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 14 жашар баланы дем салдырууга медресеге үч күнгө таштап кетишкен, өспүрүм ал жерде окуган эмес. Ал эми кылмышка шектелген 16 жаштагы тарбиялануучу медреседе билим алчу.
"Окуянын чоо-жайын тактоо үчүн жумушчу топ түзүлдү. Окуя түндө болгон. Түрдүү версиялар айтылып жатат, андыктан жумушчу топтун ишинин жыйынтыгы менен дагы маалымат беребиз", — деп билдиришти муфтияттан.
Эске салсак, 6-октябрда Ноокаттагы медреседе өспүрүмдөр чатакташып, 16 жаштагысы 14 жаштагы баланы учтуу нерсе менен сайып жибергени кабарланган.
Бишкекте жаш кызды автобус сүзүп, ал ооруканада каза болду. Видео