КРСУну трансформациялоонун биринчи этабы жыйынтыкталды

Жакында университеттин жаңы жетекчилиги дайындалат, ал Россиянын алдыңкы ЖОЖдорунун эксперттик тобунун колдоосу менен КРСУнун позициясын бекемдөө боюнча ишти улантат.
Sputnik
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Кыргыз-Россия Славян университетин трансформациялоонун биринчи этабы ийгиликтүү аяктады. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматынан билдиришти.
Кабарда былтыр университетке башкаруу тобу дайындалып, алдына трансформация жүргүзүп, КРСУну алдыңкы окуу жайлардын катарына кайтаруу милдети коюлганы жазылган. Аны ишке ашырууда окуу курстары эмгек рыногунун талаптарына ылайыкташтырылып, инновациялык билим берүү долбоорлору ишке киргизилип, материалдык-техникалык база жаңыланганы белгиленди.

"КРСУ Россиянын алдыңкы университеттери менен өнөктөштүк мамилелерди түздү. Бул байланыштар студенттердин жана мугалимдердин академиялык мобилдүүлүгүнө, биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Жакынкы убакта, өкмөттөр аралык макулдашуунун жоболоруна ылайык, Россия тарап университеттин жаңы жетекчилигин дайындайт. Ал алдыңкы ЖОЖдордун эксперттик тобунун колдоосу менен КРСУнун позициясын бекемдөө боюнча ишти улантат”, — деп айтылат университеттин маалыматында.

Абитуриенттер кайсы окуу жайга көп тапшырды? Рейтинг