Акылбек Жапаров уюлдук телефондордун IMEI кодун каттоо боюнча жыйын өткөрдү

Минкаб төрагасы IMEI-коддорду каттоодогу көйгөйлөрдү чечүү боюнча тиешелүү чараларды көрүүнү тапшырган.
Sputnik
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Зарылдык жаралса уюлдук телефондордун IMEI кодун каттоо менен алектенген компания менен келишим бузулушу ыктымал. Бул тууралуу министрлер кабинетинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, минкаб башчысы Акылбек Жапаров ИИМ жана Бажы кызматынын жетекчилери менен кеңешме өткөргөн. Анда уюлдук телефондордун IMEI кодун Мамлекеттик идентификациялоо системасында (МИС) каттоо маселеси козголгон.
Жапаров жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана аткезчилик менен күрөшүү үчүн бул өнөктүктүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ошону менен бирге каттоодогу айрым көйгөйлөрдөн улам эл нааразы болуп жатканына токтолгон.
Минкаб төрагасы көтөрүлгөн көйгөйлөрдү чечүү боюнча тиешелүү чараларды көрүүнү тапшырып, зарыл болсо чечкиндүү кадамдар, анын ичинде IMEI-коддорду каттаган компания менен келишимдин бузулушу мүмкүн экенин эскертти.
Эске салсак, 25-июнда уюлдук телефондорду идентификациялоонун мамлекеттик системасы ишке киргизилген. Өкмөттөн бул аткезчилик жол менен келген телефондорду колдонууну, телефон уурулугун жана алдамчылыгын жоерун билдиришүүдө. Өз алдынча каттатып алуу үчүн атайын даярдалган материал менен таанышып чыгыңыз.
Радио
Адис: мобилдик телефондорду каттоо онлайн-алдамчылыкка бөгөт коёт