Салык жашыргандарга баканооздук кылгандарды сыйлоо сунушталды

Мыйзам долбоорунун негиздемесинде көпчүлүк салык мыйзамдарынын бузулушуна кайдыгер экени айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Салык жашыргандарга баканооздук кылгандарды сыйлоо сунушталды. Бул тууралуу Жогорку Кеңешке келип түшкөн Салык кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорунда айтылган.
Экономика жана коммерция министрлиги былтыр жарандардын арызы боюнча 52 миң 674 салык төлөөчүгө, негизинен ККМ колдонбогондорго айып салынганын билдирген. Ошол эле учурда көпчүлүк салык мыйзамдарынын бузулушуна кайдыгер экени айтылган.
Мындан улам демилгечилер салыктан качып жашыргандар тууралуу маалымат бергендерге салынган айыптын эсебинен сыйлоону сунуштоодо.
Жобонун тартиби, негиздери, өлчөмү жана кайтаруу мөөнөтү министрлер кабинети тарабынан аныкталары кошумчаланган.
А.Жапаров: биздин салык боюнча тажрыйбабыз КМШдагыларга кызык болушу мүмкүн