БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Москвага иш сапар менен барды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Өлкө башчыны "Внуково-2" эл аралык аэропортунан РФ ТИМ жетекчисинин орун басары Михаил Галузин тосуп алды.
Мамлекет башчы Садыр Жапаров КМШ өлкө башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Анда шериктештикке мүчө мамлекеттердин соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташтыгын кеңейтүүгө, бекемдөөгө багытталган чечимдер кабыл алынмакчы.