Бишкекте жаш кызды автобус сүзүп, ал ооруканада каза болду. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Бишкекте автобус сүзүп кеткен кыз ооруканадан каза болгонун Милициянын кайгуул кызматы билдирди.
Окуя бүгүн саат 10дор чамасында Чүй проспектинде болгон. Кырсыктан кийин 18 жаштагы кызды оор жарааттары менен ооруканага алып кетишкени кабарланган. Бирок көп өтпөй каза болуп калганын билдиришти.
Рулда 60 жаштагы айдоочу болгон, факт боюнча текшерүүлөр жүргүзүлүүдө.
Арча-Бешикте 10 жашар кызды сүзүп кеткен өспүрүм айдоочу кармалды