БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Жалал-Абад, Ош жана Чүй облустарындагы айрым калктуу конуштарды айыл категориясына киргизүү сунушталды. Мыйзам долбоору министрлер кабинети тарабынан демилгеленген.
Ага ылайык, Жалал-Абаддын Аксы районундагы Сары-Челек айыл аймагынын Атантай, Сузак районунун С. Атабеков айыл аймагынын Кыдырша, Ош облусунун Өзгөн районундагы Төрт-Көл айыл аймагынын Арык уулу жана Гүлистан, Чүйдүн Аламүдүн районунун Арашан айыл аймагынын Бер-Булак калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү сунушталган.
"Калктуу конуштарды айыл категориясына киргизүү менен алардын статусу жогорулайт. Жергиликтүү тургундардын демилгелүүлүгү, активдүүлүгү жана жоопкерчилиги күчөйт. Инвестиция тартууга, долбоорлор менен кызматташууга, ички резервдерди мобилизациялоо жана аймакты өнүктүрүүгө шарт түзөт. Аны менен катар эле тургундар ошол айылга катталууга мүмкүнчүлүк алышат", — деп жазылган маалыматта.
Ошондой эле бул сунуштар жергиликтүү элдин, тиешелүү деңгээлдеги бийлик жана мамлекеттик органдардын макулдугу менен жасалып жатканы кошумчаланды.