Сугат жерлерди трансформациялоого уруксат берген мыйзам сунушталды. Чоо-жайы

Sputnik
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Ири инфраструктуралык долбоорлорго курулуш материалдарын казып алуу үчүн сугат жерлерди трансформациялоого уруксат берүү сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Транспорт жана жол министрлиги Ысык-Көл облусундагы айланма жолду курууга керектүү материалдарды казып алууга мораторий тоскоол болуп жатканын жүйө келтирген.
"Жол реконструкциялоо үчүн ири көлөмдөгү кум-шагыл керектелет. Аларды сугат жерлерден казып алууга мыйзам тыюу салат. Сунушта казылган жерлерди кайра калыбына келтирүү боюнча долбоор болгондо гана материалдарды казып алууга мүмкүндүк берилери каралган", — деп айтылат документте.
Ботаникалык бакка "өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагы" макамын берүү сунушталды