Радио

Кыргызстан менен Россиянын техникалык ЖОЖдор консорциумуна 60 окуу жай кирет

Sputnik
Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректорунун кеңешчиси, техника илимдеринин доктору Акымбек Абдыкалыков Россия менен Кыргызстандын техникалык окуу жайларынын консорциуму студенттердин билим алуусуна мыкты шарттарды түзгөн аянтча экенин айтты.
Россия менен Кыргызстандын техникалык билим берген окуу жайларынын ортосунда консорциум түзүлгөн. Анын иштеп жатканына 10 жылдын жүзү болду. Бул тууралуу Акымбек Абдыкалыков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган консорциумга Кыргызстандан 15 окуу жай кирет.

"Россиялык техникалык билим берген окуу жайлар менен Кыргызстандын ортосунда атайын консорциум түзүлгөн. Алгач жалпысынан 15 окуу жай мүчө болсо, бүгүнкү күндө Россия тараптан 45, Кыргызстандан 15 техникалык окуу жай мүчөлүктө турат. Биз жыл сайын сентябрь айында жолугуп, былтыркы жасалган иштердин отчетун берип, кийинки жылга планды бекитебиз. Быйыл да консорциумдун түзүлгөнүнө 10 жыл, Исхак Раззаков атындагы биздин университеттин 70 жылдыгынын алкагында жолуктук. Консорциум эки тараптуу алгылыктуу иштерди жасап келет. Бул аянтча аркылуу кош дипломго ээ болуу, тажрыйба алмашуу сыяктуу көптөгөн программаларыбыз бар", — деди Молдокматов.

Ал консорциум алкагында илимий багыттагы да долбоорлор бар экенин кошумчалады.