КМШга мүчө өлкөлөрдүн ТИМ башчыларынын жыйыны Москвада өттү

Министрлер 2025-жылга карата ТИМдердин көп баскычтуу консультацияларынын планын да талкуулады.
Sputnik
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев КМШга мүчө өлкөлөрдүн ТИМ башчыларынын Москва шаарындагы жыйынына катышты.
Шериктештиктин делегациялары эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алышып, талкуу жүргүзүштү. Андан сырткары, КМШ деңгээлиндеги саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун келечеги туурасында кеп кылышты.
Тышкы саясат ведомствосунун алкагында коопсуздук жана маданий-гуманитардык багыттарда биргелешип иш алып баруу туурасында сүйлөшүүлөр жүрдү. Мындан сырткары, министрлер 2025-жылга карата ТИМдердин көп баскычтуу консультацияларынын планын талкуулаган.
Башкы нерсе — алдыда болуучу КМШ лидерлеринин отурумунда бекитүүгө алып чыгарыла турган бир катар документтерди жактырып, даярдашкан.
Министрлердин кезектеги отуруму кийинки жылы 11-апрелде Казакстанда өтмөкчү.
Садыр Жапаров иш сапары менен Россияга кетти. Делегация курамы