Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Лавров эки сөз менен Батыштын Россия боюнча айласыз пландарына жооп кайтарды

Путин мурдараак Москва Батыштын түзүп жаткан кооптуулуктарына жараша тиешелүү чечимдерди кабыл аларын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. РФ ТИМ башчысы Сергей Лавров Украинанын Россиянын түпкүрүнө жасайт деген чабуулдары боюнча Батыш өлкөлөрүнүн кеп-сөзүн от менен ойноп жаткандык деп атады. Бул туурасында дипломат Newsweek алган интервьюда айтканын РИА Новости жазды.
"Украина армиясына Батыштын алыска атылуучу ракеталарын Россиянын ичин көздөй колдонууга уруксат берүү мүмкүнчүлүгү талкууланып жатат. Мындай "от менен ойногондуктун" коркунучтуу кесепеттери болушу мүмкүн", — деди ал.
Лавров президент Владимир Путиндин сөздөрүн эске салып, Москва Батыштын түзүп жаткан кооптуулуктарына жараша тиешелүү чечимдерди кабыл аларын белгилеген.
Путин мурдараак НАТО өлкөлөрү учурда Киевдин Батыштан алынган алыска атылуучу куралдарды колдонуусу тууралуу гана эмес, аны менен кошо Украина чатагына түздөн-түз аралашуу маселесин да талкуулап жатышканын айткан эле. Президент мындай кийлигишүү жаңжалдын нугун өзгөртөрүн, Россия түзүлгөн кооптуу кырдаалга жараша чечимдерди кабыл алууга аргасыз болорун кошумчалаган.
Лавров БУУ түзүмдөрүн Украинанын "тынчтык" демилгелерине тартпоону айтты