Өзбекстанда кыргыз-өзбек компьютердик командалык-штабдык машыгуулары өтүүдө

Sputnik
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Өзбекстанда кыргыз-өзбек компьютердик командалык-штабдык машыгуулары башталды. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мындай форматтагы окуу биринчи жолу уюштурулуп, 14-октябрга чейин болот.
1 / 3

Өзбекстанда кыргыз-өзбек компьютердик командалык-штабдык машыгуулары башталды

2 / 3

Маалыматка ылайык, мындай форматтагы окуу биринчи жолу уюштурулуп, 14-октябрга чейин болот

3 / 3

Машыгуулар Өзбекстандын Чирчик шаарында өтүп жатканы кошумчаланды

"Катышуучулар аскердик жогорку билимин гана көрсөтпөстөн, акыркы маалыматтык технологияларды жана башкаруунун автоматташтырылган системаларын өздөштүрүүдөгү жетишкендиктерин көрсөтүшү керек", — деп айтылат маалыматта.
Машыгуулар Өзбекстандын Чирчик шаарында өтүп жатканы кошумчаланды.
Ысык-Көлдө КМШнын чек арачылары командалык-штабдык машыгуу өткөрүштү