Афганстанда 20 жыл "жүргөн" АКШ: жыйынтыгы, кесепети. Видео

2001-жылы 7-октябрда америкалыктар НАТО өлкөлөрүнөн турган коалициянын башында туруп, Афганстанда "Кыйрагыс эркиндик" операциясын баштаган.
Sputnik
Алгач кыска мөөнөттүү болушу керек деп пландалганы менен бул процесс 20 жылга созулуп, АКШ афган элине тынчтык, бейпилдик алып келген жок. Тескерисинче, өлкөнү кыйратууга жетелегенге "көмөктөштү".
Аны төмөнкүчө тезис менен тизмектейбиз:
АКШнын Афганстанга киришинин расмий жүйөсү — террорчулукка каршы күрөш жана 2001-жылдын 11-сентябрындагы Нью-Йорктогу террордук чабуул үчүн өч алуу болгон;
афган элинин "эркиндиги" үчүн Вашингтон 2,31 триллион доллар сарптады. Бул каражат — Афганстандагы аскердик катышууга гана кеткен сумма. Америкалыктар кеткенден кийин талибдерге* миллиарддаган долларлык курал-жарак калган;
2001-жылдан тартып аталган өлкөдө апийимдин өстүрүлүшү жана героин өндүрүү бир нече эсе көбөйүп, афган баңгизаттары дүйнөлүк рынокторду каптаган;
2021-жылдын 31-августунда Батыш демократиясын "тез арада куруу" эпопеясы америкалыктардын Кабул жана Баграмдан уча качканы менен аяктады. Ошол күндөн баштап өлкөдө бийлик талибдердин* колуна өткөн.
*Террордук ишмердүүлүгү үчүн БУУнун санкциясында турган кыймыл.
Тема боюнча:
Афганстан 31-августту АКШны жеңген күн катары белгилейт. Видео