Казакстанда АЭС курууга элдин 71,12%ы добуш берди

Sputnik
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Казакстанда атомдук электр станциясын куруу боюнча референдумдун алдын ала жыйынтыгы чыгарылды.
Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, референдумга катышууга укуктуу жарандардын жалпы саны 12 миллион 284 миң 487 адамды түздү.
Анын ичинен референдумга 7 миллион 820 миң 204 адам келген. Бул референдумга катышууга укугу бар жарандардын 63,66 пайызын түзөт.
Атомдук станциянын курулушун колдоп 5 миллион 561 миң 937 адам (71,12 пайыз) добуш берген. Ал эми 2 миллион 45 миң 271 казакстандык каршы чыккан.
Эске салсак, 6-октябрда Казакстанда атомдук электр станциясын куруу боюнча референдум өттү.
Пресс-борбор
"Росатом" Кыргызстанда аз кубаттуу АЭС куруу маселеси кайсы этапта экенин айтты