Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Sputnik
Бир катар калктуу конуштарды айыл категориясына киргизүү каралуудаОш шаарында бир сутка жаратылыш газы жок болотКМШга мүчө өлкөлөрдүн ТИМ башчыларынын жыйыны Москвада өттүалдыда кененирээкТышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев КМШга мүчө өлкөлөрдүн ТИМ башчыларынын Москва шаарындагы жыйынына катышты. Шериктештиктин делегациялары эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алышып, талкуу жүргүзүштү. Андан сырткары, КМШ деңгээлиндеги саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун келечеги туурасында кеп кылышты. Мындан сырткары, министрлер 2025-жылга карата ТИМдердин көп баскычтуу консультацияларынын планын талкуулаган. Башкы нерсе — алдыда болуучу КМШ лидерлеринин отурумунда бекитүүгө алып чыгарыла турган бир катар документтерди жактырып, даярдашкан.
Жалал-Абад, Ош жана Чүй облустарындагы айрым калктуу конуштарды айыл категориясына киргизүү сунушталды. Мыйзам долбоору министрлер кабинети тарабынан демилгеленген. Ага ылайык, Жалал-Абаддын Аксы районундагы Сары-Челек айыл аймагынын Атантай, Сузак районунун С. Атабеков айыл аймагынын Кыдырша, Ош облусунун Өзгөн районундагы Төрт-Көл айыл аймагынын Арык уулу жана Гүлистан, Чүйдүн Аламүдүн районунун Арашан айыл аймагынын Бер-Булак калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү сунушталган."Калктуу конуштарды айыл категориясына киргизүү менен алардын статусу жогорулайт. Жергиликтүү тургундардын демилгелүүлүгү, активдүүлүгү жана жоопкерчилиги күчөйт. Тургундар ошол айылга катталууга мүмкүнчүлүк алышат", — деп жазылган маалыматта.
Кыргызстан жарым жылга сырттан тамеки алып келүүгө, транзитке жана реэкспорттоого тыюу салууну карап жатат. Бирок чектөө ЕАЭБ өлкөлөрүнө тиешелүү эмес. Расмий маалыматтар боюнча, өлкөгө кирген тамекинин 95%ы биримдиктеги өлкөлөрдөн алып келинет. Эл аралык аналитикалык компания өткөн жылы мыйзамсыз импорттолгон тамеки 17,7%ды түзгөнүн билдирди. Экономика министрлиги Сербия, БАЭ жана башка өлкөлөрдө жасалган тамекилер мыйзамсыз сатылып жатканын айтууда.
Эртең, 8-октябрда саат 09:00дөн баштап 9-октябрь күнү саат 10:00гө чейин Ош шаарында жаратылыш газын берүү токтотулат. Бул тууралуу аталган шаардын мэриясынан кабарлашты. Маалыматка караганда, газ берүүнү токтотуунун себеби Өзбекстандын «Узтрансгаз» ишканасы «Хожабад-Ош» магистралдык газ түтүктөрүнө пландуу оңдоп-түздөө иштерин жүргүзөрүнө байланыштуу.
Россиянын Свердлов облусунун Сысерт шаарында этномаданий боз үйлөр шаарчасы ачылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.Ачылыш салтанатына Свердлов облусунун мамлекеттик органдарынын жана ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрү, Уралдагы дипломатиялык корпус, ошондой эле кыргыз диаспора уюмдарынын лидерлери катышты. Башкы консул Максат Тентимишов салтанатта сүйлөп, боз үйлөр шаарчасынын уникалдуулугун белгиледи. "Россияда боз үйлөр шаарчасынын аналогу жок. Бул долбоор Урал федералдык округунда гана эмес, бүтүндөй Россияда биринчи жолу ишке ашырылууда", — деди ал. Ачылыштан кийин коноктор боз үйлөр шаарчасына экскурсияга жана фотокөргөзмөгө чакырылып, улуттук тамак-аштан даам татып, кыргыз жана орус чыгармачыл топторунун аткаруусунда элдик ырларды угушту. Боз үйлөр шаарчасында туристтер үчүн 10 боз үй тигилгенЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫНЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта:1 АКШ доллары 84 сом 70 тыйынгаевро 93 сом 39 тыйынга рубль 89 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 66 сом 90 тыйындан баштап, 67 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 74 сом 40 тыйындан 75 сом 40 тыйынга чейин, дизель майы 74 сом 80 тыйындан, 75 сом 30 тыйынга дейре, ал эми унаа газынын литри 37 сомдон сатылууда.АБА ЫРАЙЫ8-октябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. 8-октябрь, шейшембиде республика боюнча күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +20...+25 Таласта +18...+23, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +22...+27, Ысык-Көл жана Нарында +17...+22 градус жылуу болот. Бишкекте күндүн табы +23...+25 градуска чейин көтөрүлсө, Ош шаарында +25...+27 градуска жетет.