Дарыга кошумча нарк салыгын киргизген соң мамлекет баа саясатын көзөмөлдөй алабы?

Sputnik
Кыргызстанда 18-сентябрдан тарта импорттолгон дары-дармектер менен медициналык каражаттардан кошумча нарк салыгы кайрадан алына баштайт.Министрлер кабинетинин токтому менен буга чейинки жеңилдик берилген тизме жокко чыгарылды. Кубанычбек Ысабековдун айтымында жеңилдик берилгени менен дарыканалардагы баа арзандатылган эмес. Жеңилдик импорттолгон дарылардан тышкары ата мекендик өндүрүшчүлөрдөн да алынган. Экономика министрлигинин өкүлүнүн айтымында, бул өндүрүшчүлөрдүн ишине эч кандай деле таасирин бербейт. Мамлекет аларга салыктын башка түрлөрүнөн жеңилдик берүүнү пландаштырып жатат. Ошону менен катар эле Исабек Исмаилов учурда өлкөдөгү дары-дармектин 95 пайызы импорт. Жакында дары өндүрүү тармагы да кеңейиши күтүлүүдө. Ал эми Кыргызфармация МИнин директорунун орун басары Наргиза Токтосинованын айтымында, учурда мамлекеттик дарыканаларга арзан баадагы дарыларды алып келүү менен баага таасир берип жатканын белгилешти. Дары-дармекке болгон бааны кармап туруу үчүн кандай иштерди жасарын келечек көрсөтөт.