«Тынчтык жөнүндө» мыйзам долбоору - элдин уйкусун эффективдүү коргообу же керексиз чектөөбү?

Sputnik
Тынчтыкты жана калктын эс алуу убактысын камсыз кылууну көздөгөн мыйзам долбоору азыр Жогорку Кеңеште каралып жатат. Жакында эле экинчи окуудан өттү. Бул мыйзам долбоору «Тынчтык жөнүндө» деп аталат. Бүгүн дал ушул сунушталып жаткан мыйзам долбоору тууралуу кеп кылалы деп турабыз. Анткени ал күчүнө кирсе коомчулуктун күнүмдүк жашоосуна байкаларлык өзгөрүүлөрдү алып келери күтүлүүдө. Кандай өзгөрүүлөр күтүлүүдө? Ызы-чуунун деңгээли кантип аныкталат? Кандай жазалар каралган? Буга ишкерлердин көз карашы кандай? Эмне себептен мыйзамдын аткарылышы ички иштер министрлигине жүктөлүп жатат?
Ушул жана башка суроолорго аталган мыйзам долбоорунун демилгечиси Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жооп берди.