Президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында “Натыйжалуу башкаруу жана коррупцияга каршы аракеттенүү” магистрдик программасы ачылды. Программанын окуу мөнөөтү бир жыл. Бул туруктуу өнүгүү жана Туруктуу өнүгүү максаттарын (ТӨМ) ишке ашыруу үчүн бекем негиз болуп берет. Алгачкы 25 абитуриент 24-сентябрда кирүү экзамендерин тапшырып, кабыл алынды. “Натыйжалуу башкаруу жана коррупцияга каршы аракеттенүү” магистрдик программасы БУУӨПтүн “Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү, отчеттуулук жана адамдардын кызыкчылыктарына багытталган аракеттерди бекемдөө” долбоорунун алкагында иштелип чыгып, биринчи семестрди баштады.
Бул тууралуу Борбордук Азиядагы коррупция маселелерин изилдөө институтунун жетекчиси Эркайым Мамбеталиева маалымдады.