Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Sputnik
Эмгек министрлиги электрондук эмгек китепчелерин киргизүүнү сунуштадыДипломат Россиянын эскертүүлөрү Батышка оңой менен жетпей жатканын билдирди"Манас" аэропортунун кирешеси 6 млрд. сомго өстү. Жапаров авиаторлорду куттуктадыалдыда кененирээк"Манас" аэропортунун кирешеси 2 миллиард сомдон төрт жылда 6 миллиардга өстү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Жарандык авиация күнүнө карата куттуктоосунда айтылат. Анда быйыл Жарандык авиация агенттиги тиешелүү аудиттен ийгиликтүү өткөндүгүн, бул Кыргызстандын авиациясы бардык эл аралык стандарттар менен талаптарга жооп берет дегенди билдирерин белгилеген. "Бүгүнкү күндө "Манас" эл аралык аэропортунун жеке каражатынын эсебинен "Кербен", "Каракол", "Талас", "Нарын" жана "Казарман" аймактык аэропорттору толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, четинен колдонууга бериле баштады. Ал эми аба кемелери паркыбыз жаңы учактар менен толукталып, жаңыртылууда. Мындан тышкары, жаңы эл аралык "Жалал-Абад" аэропортун куруу маселеси иштелип жатат", — деп айтылат маалыматта. Ошондой эле өлкө башчы эл аралык каттамдар көбөйүп, жаңы багыттар ачылып жатканын белгилеген.Мамлекет башчы аталган тармактын кызматкерлерин кесиптик күнү менен куттуктап, иштерине ийгилик каалаган.
Электрондук эмгек китепчеси жана келишим киргизүү сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга жайгаштырылды. Эмгек министрлиги иштеп чыкан ченемдик-укуктук актыда бул демилге документ жүгүртүүнү жөнөкөйлөтө турганы жазылган. Бийлик иш берүүчү менен кызматкердин ортосундагы мамилелерди санариптештирүү үчүн шарттарды түзүүгө белсенүүдө. Министрлик бул иш кагаздарын кыскартып, жумушка алуу процессин тездетерин белгилеген. Мамлекеттик жана корпоративдик системаларга интеграцияланган платформа түзүлөрү кошумчаланган.
Өзбекстанда кыргыз-өзбек компьютердик командалык-штабдык машыгуулары башталды. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мындай форматтагы окуу биринчи жолу уюштурулуп, 14-октябрга чейин болот."Катышуучулар аскердик жогорку билимин гана көрсөтпөстөн, акыркы маалыматтык технологияларды жана башкаруунун автоматташтырылган системаларын өздөштүрүүдөгү жетишкендиктерин көрсөтүшү керек", — деп айтылат маалыматта. Машыгуулар Өзбекстандын Чирчик шаарында өтүп жатканы кошумчаланды.
Россиянын НАТОнун акыркы кадамдары боюнча эскертүүлөрү Батышка оңой менен жетпей жатат. Бул туурасында Венадагы Куралданууну ооздуктоо жана аскердик кооптуулук маселелери жаатында сүйлөшүүлөр боюнча РФ делегациянын жетекчисинин милдетин аткарып жаткан Юлия Жданова билдиргенин РИА Новости жазды."Эскертүү оппоненттерге кыйынчылык менен жетип жаткандай элес калтырат. Өзөктүк куралдарды колдонууну токтотуу жаатында мамлекеттик саясаттын негиздерине түзөтүүлөр кирген шарттан алып караганда, бул касташкан өлкөлөргө жасалган кайсы бир эскертүү катары каралышы керек", — деп белгилеген Жданова.Дипломаттын айтымында, НАТО Россия менен куралдуу кагылышка даярдыгын мурдатан эле көрүп келет, бул "оюн" көзөмөлдөн чыгып кетип, апааттуу кесепетке алып келиши мүмкүн. Муну россиялык делегация эл аралык дипломатиялык аянтчаларда дайыма эскертип келет.Владимир Путин 2024-жылдын 25-сентябрындагы Коопсуздук кеңештин жыйынында өзөктүк кол салуу жаатында мамлекеттик саясаттын негизи жаңыланганын билдирген.