Айыл чарбасын өнүктүрүү тууралуу президенттин жарлыгы кандай ишке ашып жатат?

Sputnik
Бул жыл айыл чарба тармагы үчүн өзгөчө жылдардын бири болду. Анткени айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн так пландар айтылып, дымактуу иштер башталды. Бул нерселер президент Садыр Жапаровдун жайында жарыяланган атайын жарлыгынын негизинде жүрүп жатат. Аталган жарлыкты аткаруу иштери кандай жүрүүдө? Дегеле азыр өлкөнүн айыл чарбасы кандай абалда турат? Кандай болуп өзгөрөт? Бул берүүдө биз ушул суроолордун алкагында маектештик.
Биздин суроолорубузга суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Жаныбек Керималиев жооп берди.