Күнүнө 10 миң кадам басууну адатка айлантыңыз. Дарыгерлердин кеңеши

Дарыгерлер дени сак болуш үчүн күнүнө 1,5-2 саат жөө басууну сунуштайт.
Sputnik
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Күн сайын жөө басуу жүрөк-кан тамыр ооруларын (инфаркт, артериялык гипертония) алдын алат. Бул тууралуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунан билдиришти.
Адистердин айтымында, жөө баскан адамдын жүрөк булчуңдары чыңдалып, артериялык кан басымы төмөндөйт, салмак бир калыпта болуп, маанай да көтөрүлөт.
"Жөө басып кант диабетинин экинчи түрүн жана остеопороз ооруларынын өрчүшүн басаңдатса болот. Бул ден соолукка гана эмес, убакыт менен акчаны үнөмдөөгө да жардам берет", — деп айтылат маалыматта.
Дарыгерлер кыймылы аз адамдар дагы күнүнө жок дегенде 2-3 миң кадам жасай турганын айтат. Ал эми орточо кыймылдагы адамдар күнүнө 5-7 миң кадамга чейин басат. Активдүүлөр болсо күнүнө 10-12 миң кадам жасайт.
"Күнүнө 10 миң кадам жасоону адатка айлантыңыз. Бул 1,5-2 саат жөө басууга барабар. Ал үчүн эртең менен жумушка жөө барып, лифтинин ордуна тепкичти колдонуңуз. Жакын жерлерге барууда унаадан баш тартып койсоңуз да болот. Ушундай жол менен эки сааттык жөө басууну бир күнгө бөлүп алыңыз", — деп кеңеш берген дарыгерлер.
Маалыматта ошондой эле 10 миң кадамга акырындан жетүү сунушталган. Мисалы, башында 2-3 миң кадамдан баштап, күнүнө 500 кадамдан кошуу туура болот. Карыларга күнүнө 3-5 миң кадам жасоо жетиштүү. Бирок алдын ала дарыгер менен кеңешип алуу сунушталат.
Дарыгер төрөттөн кийин спортко шашылбай турууну эскертти