БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Украинанын Угледарды жоготуусу Россия армиясына Донецк Элдик Республикасынын бардык аймактарын ушул кышта эле бошотууга мүмкүнчүлүк жаратат. Мындай пикирин Бундесвердин отставкадагы полковниги Ральф Тилле Focus.Online үчүн жазган макаласында билдиргенин РИА Новости агенттиги кабарлады.
Анын айтымында, россиялык аскерлер Угледарды бошоткондон кийин Донбасста, анын ичинде маанилүү стратегиялык аймак деп саналган Красноармейск багыты боюнча да чабуулдарды улантат.
"Орустар жакын эле жерде өздөрүнүн чабуулдук позициясын бекемдеп жатышат. Покровск деле (Киевде Красноармейскини ушундай деп аташат), балким, көпкө чейин кармалып турбайт", — деген эксперт.
Офицер Украинанын Куралдуу күчтөрү мындайда коргонууга өтүшү керек деп эсептейт.
"Абалга жараша бул учурда кайсы бир чабуул тууралуу кеп кылууга да болбойт. Эми Украина мурдагыдан да катуу кармашка өтүшү керек. Аймактар алардан дагы бир топ алыстап кетти", — деген ал.
Полковниктин пикиринде, Зеленскийдин Вашингтонго болгон сапарында анын талаптары канааттандырылбай, бул абал Россия армиясын ДЭРди толугу менен бошотуу максатына дагы бир кадам жакындатат.
"Владимир Зеленский АКШ президенти Жозеф Байден менен жолугушууда талаптары канааттандырылбай кайтып келгенден кийин Украина Донецк аймагындагы көзөмөлүн келерки кышта жоготушу мүмкүн", — деп сөзүн улаган Тилле.
Эске салсак Россиянын Коргоо министрлиги 3-октябрда ДЭРдеги Угледар шаарын толугу менен көзөмөлүнө алганын маалымдаган. Калаа Украина Куралдуу күчтөрүнүн Түштүк Донецк багытындагы акыркы маанилүү тирек катары караган пункту эле.
Эми россиялык аскерлер Запорожье облусу менен чектешкен Улуу Новоселка менен Курахового чабуул жасай алышат. Мындан тышкары, Угледарды бошотуу Донецк — Мариуполь трассасын коопсуздандырып, Волноваханы чабуулдан коргоп калган.